kedis.kg

Программное обеспечение

Дизайн (по отраслям)

Прикладная информатика (по отраслям)

Экономика и бухгалтерский учет

Шаблоны Joomla 3 тут

                 

2021-жылдын 15-октябрында Бишкекте иш-чара, тагыраагы, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын дизайнерлеринин улуттук колориттеги коллекцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. “Бирге, бирок биз башкабыз” деген аталышта Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзунун 2-көргөзмөсү ачылды.ЦУМ-2де 3-кабатта саат 19.00 демонстрациялар залында дизайнерлердин автордук коллекцияларынын көргөзмөсү болуп өттү.     

Бул иш-чарадан кийин, биз колледжибизге иш-чарага катышкан дизайнерлерди келип кетууну сунуш кылдык.  Султан Салиевди – россиялык дизайнер, Евразия этно-дизайнерлер ассоциациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзунун мүчөсү, Казан мамлекеттик маданият институтунун доценти, ошондой эле Салахов Расых Фаруковичти - архитектор, Россиянын Дизайнерлер союзунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Татарстан Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, ушул эле университеттин Көркөм өнөр жана дизайн кафедрасынын башчысы.         

16.10.2021 Россиялык дизайнерлер КЭДИке келишип, биздин дизайнер студенттерине – заманбап жана улуттук мода багыттары боюнча презентация өткөрүштү.     Султан Салиев жана Салахов Расих Фарукович студенттер менен жолугушуудан тышкары, бул тармактын мугалимдери менен тажрыйба бөлүштү.     Достук маанайдагы сүйлөшүүдөн жана тажрыйба алмашуудан кийин биздин колледждин  башчыларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.