1-курстун студенттери Ю. Фучик атындагы паркта жайгашкан Республикалык спорттук жана ок атуу клубуна барышты. Бул иш-чараны Баштапкы аскердик даярдоо кафедрасынын окутуучусу, капитан Акматалиев Т.Т.
Алгачкы аскердик даярдык (НВП) же чакырууга чейинки даярдоо - СССРде жана айрым постсоветтик мамлекеттерде жаштарды аскердик кызматка даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
АЖКнын максаты - жаштардын аскердик кызмат жана аскердик иштер боюнча билимге ээ болуусу, курал-жарак, жеке коргонуу каражаттарын (противогаз, респиратор), медициналык таңгычтар жана башкалар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү, ошондой эле мамлекеттин мобилизациялык мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп эсептелет .
1953-жылы - ДОСААФ (Армияга, авиацияга жана флотко жардам көрсөтүү боюнча ыктыярдуу коом) түзүлгөн. Жацы тузулген коомдун 240 миц баштапкы уюму жана 11,5 миллионго жакын мучесу болгон. ДОСААФ коомдун мучелерунун арасында аскердик, аскердик-техникалык, авиациялык жана флоттук билимдерди жайылтуу менен алектенген.
Дизайнер студенттер тарабынан иштелип чыккан коллекциялардын көргөзмөсү - Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзу тарабынан уюштурулган коргозмо.24.10.2021."Дордой Плаза".
Программада төмөнкүлөр камтылган:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун искусство, архитектура жана дизайн адистиктеринин студенттеринин графикалык иштеринин көргөзмөсү.
- Жаш дизайнерлердин кийим моделдерин көрсөтүү.
- «Деконструкция - жаштардын кийиминин стили катары» аттуу студенттик эмгектердин конкурсу.Биринчи жолу дизайнерлердин кийимдери, аксессуарлары, кошумчалары жана зер буюмдарынын жарманкеси.
- Балдар жана чоңдор менен интерактивдүү оюндар: сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен сүрөт тартуу, карапа дөңгөлөгүндө моделдөө, ыр, бий, музыка. Бардык катышуучулар үчүн сыйлыктар жана белектер.
Бул иш-чарага КЭДИС колледжинин Дизайнер-модельер адистиги боюнча окуган студенттери активдүү катышты.
Мода көргөзмөсүндө башка окуу жайлардан келген көптөгөн катышуучулар менен бирге жогорудагы адистиктин 2-3-курсунун студенттери тарабынан иштелип чыккан бир нече кызыктуу моделдер да тартууланды.
2021-жылдын 15-октябрында Бишкекте иш-чара, тагыраагы, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын дизайнерлеринин улуттук колориттеги коллекцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. “Бирге, бирок биз башкабыз” деген аталышта Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзунун 2-көргөзмөсү ачылды.ЦУМ-2де 3-кабатта саат 19.00 демонстрациялар залында дизайнерлердин автордук коллекцияларынын көргөзмөсү болуп өттү.
Бул иш-чарадан кийин, биз колледжибизге иш-чарага катышкан дизайнерлерди келип кетууну сунуш кылдык. Султан Салиевди – россиялык дизайнер, Евразия этно-дизайнерлер ассоциациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзунун мүчөсү, Казан мамлекеттик маданият институтунун доценти, ошондой эле Салахов Расых Фаруковичти - архитектор, Россиянын Дизайнерлер союзунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Татарстан Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, ушул эле университеттин Көркөм өнөр жана дизайн кафедрасынын башчысы.
16.10.2021 Россиялык дизайнерлер КЭДИке келишип, биздин дизайнер студенттерине – заманбап жана улуттук мода багыттары боюнча презентация өткөрүштү. Султан Салиев жана Салахов Расих Фарукович студенттер менен жолугушуудан тышкары, бул тармактын мугалимдери менен тажрыйба бөлүштү. Достук маанайдагы сүйлөшүүдөн жана тажрыйба алмашуудан кийин биздин колледждин башчыларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.
KЭДИС Колледжи баардыгын Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт !!! Кантсе да 9-май жаздын кооз күнү гана эмес, унутулгус, эсте калаарлык дата !!! Бул майрамга түздөн-түз тиешеси барлар өтө аз, аларга жеке өзүбүз эми бут алдына жүгүнүп, үстүбүздөгү тынч асманга ыраазычылык билдиришибиз керек. Кымбаттуу ардагерлерибизге ден-соолук жана узак өмүр каалап, балдарыбыз согуш эмне экендигин эч качан билбеши үчүн биз бардыгын жасайбыз деп убада кылалы. Ошону менен бирге биз ушул жеңишке чейин узак жолду басып өткөндөрдүн элесин сактап калууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Майрамыңар менен!!!
КЭДИС колледжинде программист, экономист, дизайнер болом деген студенттер келип, окуп, билим алууда. Алардын арасында Канат Абдыжапаров дагы окуп жатат. Ал бизге 2018- жылы Эсептоочу техниканы программалык жактан камсыздоо жана автоматташтырылган системалар адистигине тапшырып, учурда 3 курстун ПОВТ-1-18 группасынын студенти. Жакында биз, Канаттын мумкунчулугу чектелген адамдардын спортко катышуусуна мумкунчулук тузуу боюнча бизнес- проект иштеп чыгып, анын негизинде Великобританиянын эл аралык сынагына катышып калгандыгы тууралуу маалымат алдык.
КЭДИС колледжи студенттерибизди жана бут Кыргызстандыктарды кирип келген Нооруз майрамы менен чын журоктон куттуктайт!!!
Кун менен тун тенелген кун да кирип келди. Бул жаркыраган жаз майрамы жаратылыштын жанылануусун, кыштын узак айларынан сон, жердин ойгонуусун шарттап келет. Жаз майрамы менен куттуктоо менен бирге, Кыргызстандыктарга жаны ачылыштарды, жаны тилектерди, жашоонуздардагы озгоруулорду тилемекчибиз! Жан дуйнонузду бакытка балкытып, конулдуу маанай ыроолосун!!!
Пандемия башталгандан бери окуу жайлардын дээрлик барынын окуу процесси дистанттык формага отту. КЭДИС колледжи да онлайн форматта: ZOOM, Google meet, Google ciassroom, вотсап жана DISCORD тиркемеси колдонуп отуудо. Ушул жерден DISCORD тиркемесин озгочо болуп айтып кетели. Башка программалардай эле бул тиркемеде, сабакты толук кандуу отуу учун керетелген видео, тексттик жана ун кошуу каналдары бар.
DISCORD тиркемесин онлайн окутуу процесси башталгандан бери колдонуп келебиз, мугалимдерибизге да, студенттерибизге да ынгайлуулугу менен жакты.
Биринчиден - бары жуктой алат, экинчиден - колдонуудагы жонокойлук, учунчудон - коп каражат талап кылбайт, тортунчудон - убактысы чектелбейт. Бул тиркеменин дагы бир озгочолугу, отулуп жаткан сабакка жаш мугалимдердин эч тосколсуз кошулуп катышуусун камсыз кылат. Анын негизинде, жаш мугалимдер тажрыйба алып, башка мугалимдердин сабактарына катышып коруудон улам усулдук жактан осуушуно, такшалышына оболго тузот. Окуу болуму жана администрация тарабынан сабактардын узгултуксуз журушу, студенттердин катышуусу көзөмөлдөнүп текшерилип турат. DISCORD тиркемеси онлайн окутуудагы биздин эн жакшы табылгабыз.