kedis.kg

Программное обеспечение

Дизайн (по отраслям)

Прикладная информатика (по отраслям)

Экономика и бухгалтерский учет

Joomla шаблоны бесплатно http://joomla3x.ru

            

Дизайнер студенттер тарабынан иштелип чыккан коллекциялардын көргөзмөсү -  Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзу тарабынан уюштурулган коргозмо.24.10.2021."Дордой Плаза".

Программада төмөнкүлөр камтылган:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун искусство, архитектура жана дизайн адистиктеринин студенттеринин графикалык иштеринин көргөзмөсү.
  • Жаш дизайнерлердин кийим моделдерин көрсөтүү.
  • «Деконструкция - жаштардын кийиминин стили катары» аттуу студенттик эмгектердин конкурсу.Биринчи жолу дизайнерлердин кийимдери, аксессуарлары, кошумчалары жана зер буюмдарынын жарманкеси.
  • Балдар жана чоңдор менен интерактивдүү оюндар: сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен сүрөт тартуу, карапа дөңгөлөгүндө моделдөө, ыр, бий, музыка. Бардык катышуучулар үчүн сыйлыктар жана белектер.

     Бул иш-чарага КЭДИС колледжинин Дизайнер-модельер адистиги боюнча окуган студенттери активдүү катышты.

     Мода көргөзмөсүндө башка окуу жайлардан келген көптөгөн катышуучулар менен бирге жогорудагы адистиктин 2-3-курсунун студенттери тарабынан иштелип чыккан бир нече кызыктуу моделдер да тартууланды.